Коронавирус (SARS-CoV-2) жана COVID-19 оорусу дүйнө жүзү боюнча таркап жатат.

Сиздин “Корона менен жашоо” изилдөөсүнө катышууңуз коронавирус пандемиясынын социалдык жана экономикалык таасирин иликтеп жаткан изилдөөчүлөргө баалуу маалымат берет.

“Корона менен жашоо” – бул жарандык илимий долбоор, аны демилгелеген окумуштуулар тобу ISDC, IGZ, UNU-WIDER жана IDS институттарынан болушат жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат. Изилдөө 2020-жылдын 23-мартында башталган жана кеминде 2020-жылдын аягына чейин улантылат. Аны профессор Тилман Брюк жетектеген изилдөөчүлөрдүн жана ыктыярчылардын эл аралык тобу аткарышат. Изилдөөгө UNU-WIDER тарабынан “UNU-WIDER – 01/2020” шилтеме номери менен этикалык макулдук алынды.

Эгер кандайдыр бир суроолор болсо, lifewithcorona@isdc.org электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Сурамжылоону 10-15 мүнөт ичинде аягына чыгарса болот.

Кийинки бетте, баракчанын жогорку оң жагындагы ылдый түшүүчү менюдан өзүңүз каалаган тилди тандаңыз.


МААНИЛҮҮ: Эгер сиз сурамжылоонун мурунку бөлүмүнө кайтып барышыңыз керек болсо, сураныч, браузериңиздин “артка” баскычын колдонбоңуз, анын ордуна сурамжылоонун ичиндеги “артка” баскычын колдонуңуз.

Сурамжылоону аткаруу үчүн Google Chrome же Mozilla Firefox браузерлерин колдонууну сунуштайбыз.

LinkedIn